Дагы 25 медкызматкер коронавирусту жугузуп алды. Жалпы 2768

Окуялар тизмеги 31 Июл 2020 12:35
0 ой-пикир

Сутка ичинде өлкө боюнча 25 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Анын айтымында,Бишкекте 2, Ош шаарында 4, Ош облусунда 6, Жалал-Абад облусунда 6, Талас облусунда 1 жана Баткен облусунда 6 медкызматкер илдетке кабылды.

“Ал эми бир суткада 6 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыгарылды. Мындан сырткары үй карантининен 44 медициналык кызматкер айыгып чыгарылды. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 2768 учур катталды, алардын ичинен 1714 медкызматкер айыкты”, — дейт ал.

Республикалык штаб билдиргендей, 73 медицина кызматкери, алардын ичинен 44 дарыгер, лабораториялык жана клиникалык-эпидемиологиялык тастыкталган коронавирус инфекциясынан каза болгон.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.