Кыргызстанда COVID-19дан 73 медицина кызматкери каза болду

Окуялар тизмеги 30 Июл 2020 20:36
0 ой-пикир

Кыргызстанда 30-июлга карата COVID-19 инфекциясынан 73 медицина кызматкери каза болгон. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күнгө карата ыкчам маалымат боюнча жалпы республика боюнча 73 медицина кызматкери, алардын ичинен 44 дарыгер, лабораториялык жана клиникалык-эпидемиологиялык тастыкталган коронавирус инфекциясынан каза болгон.

Саламаттыкты сактоо уюмдарында иштеген орто медициналык билими бар адистер – 18 адам.

Саламаттыкты сактоо уюмдарында иштеген кенже медперсонал – 3 адам.

Саламаттык сактоо министрлигинин Саламаттык сактоо уюмдарында иштеген башка кызматкерлер – 8 адам.

Тизмеге саламаттык сактоо уюмдарында иштеген бардык медициналык кызматкерлер, ошондой эле жеке уюмдарда, башка ведомстволордун медициналык кызматында иштегендер жана пенсионерлер киргизилген.

Пандемия башталгандан бери республика боюнча COVID-19ду жалпы 2743 медкызматкер жугузуп алып, алардын 1664ү сакайган.

Өкмөттүн чечимине ылайык, вирус жуккан медицина кызматкерлерине 200 миң сом, каза болгондоруна бир миллион сом кенемте төлөнүп берилиши керек.

Компенсациялык төлөмдөр толук эпидемиологиялык иликтөө жүргүзүлгөндөн кийин саламаттык сактоо министрлигинин буйругу менен бекитилген «Компенсациялык төлөмдөр жөнүндө» жобого ылайык эсептелет.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.