COVID-19: Аймактарда канча бейтап бар?

Окуялар тизмеги 31 Июл 2020 12:05
0 ой-пикир

Кыргызстанда ооруканаларда 8 миң 966 бейтап коронавирус жана пневмониядан дарыланууда. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынында Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова билдирди.

Анын айтымында, учурда өлкөнүн ооруканаларында коронавирустан 3 миң 413 адам жана 5 миң 553 бейтап пневмониядан дарыланууда.

Бишкек шаарында 3 миң 435 киши, Ош шаарында – 571, Чүй облусунда – 1 миң 92, Ош облусунда – 1 миң 147, Нарын облусунда – 177, Ысык-Көл облусунда – 986, Жалал-Абад облусунда – 830, Талас облусунда – 282, Баткен облусунда 446 бейтап дарыланууда.

Акыркы суткада Кыргызстанда коронавирус (пневмонияны эсепке алганда) жуктурган 662 жаңы учур катталды. Учурда илдетти жуктурган учурлардын саны 35 миң 805ти түзөт. Алардын ичинен 25 миң 526 киши айыгып чыкты, 1378 адам каза болду.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.