Боронов: Курман айт күнүндө куттуу өлкөбүзгө тынчтык, элибизге сабырдуулук каалайм

Окуялар тизмеги 31 Июл 2020 13:42
0 ой-пикир

Премьер-министр Кубатбек Боронов кыргызстандыктарды Курман айт майрамы менен куттуктады.

Төмөндө куттуктоонун текстин келтиребиз:

«Урматтуу мекендештер!

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан мусулмандардын эң ыйык майрамдарынын бири болгон Курман айт майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайм.

Ыйык Курман айт майрамын бүткүл жер жүзүнүн мусулмандары аруу сезим, келечекке болгон илгери үмүт менен тосуп алышат.

Курман айт майрамы элдин биримдигин бекемдеп, боорукерлигин, кайрымдуулугун арттырган жана ак ниеттүүлүккө, кечиримдүүлүккө, кең пейилдүүлүккө чакырган майрам. Бул улуу майрамда айтылган тилектер, асыл максаттар кабыл болсун!

Ар бир жаран жоопкерчиликтүү мамилеси менен COVID-19 пандемиясына каршы күрөшүүгө салым кошуусу маанилүү. Кыйын кырдаалды биргелешкен аракеттин негизинде жеңерибизге ишенем.

Ыйык Курман айт күнүндө куттуу өлкөбүзгө тынчтык жана өсүп-өнүгүүнү, элибизге сабырдуулук, биримдик, бакубатчылык жана ар бир үй-бүлөгө чың ден соолук каалайм!» — деп айтылат куттуктоодо.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.