Кыргызстанда Курман айт майрамы белгиленүүдө

Окуялар тизмеги 31 Июл 2020 01:03
0 ой-пикир

Кыргызстанда бүгүн, 31-июлда мусулмандар үчүн ыйык эсептелген Курман айт майрамы белгиленүүдө.

Коронавирус инфекциясынын жайылуу коркунучу бүтө электигин эске алуу менен элдин саламаттыгы жана коопсуздугу үчүн, илдеттин мындан ары күчөп кетүүсүнө жол бербөө максатында айт намазы аянттарда жана мечиттерде окулбайт. Муфтият берекелүү Курман айт майрамын үй-бүлө менен үйлөрдө майрамдоого үндөгөн. Бул күнү бири-бириникине айттап барбастан, үйлөрдө курмандык чалып, Куран окуп, жалпы журтка  жакшылыктарды тилеп, маркумдарга дубаларды багыштоого чакырган.

Ушул ыйык күндө ылайым Алла-таалам мекендештерибиздин ак тилектерин кабыл кылсын! Кыргызстаныбыз учурдагы апааттан тезирээк арылсын!

Эң негизгиси баарыңарга ден соолук, биримдик, ыйман ыраскерчилик каалайбыз! Кудай элибизге ынтымак, жергебизге береке берсин! Айтыңыздар маарек болсун! 

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.