Жээнбеков: Ар бир көз жумган мекендешим сай-сөөгүмдү сыздатып кетти

Окуялар тизмеги 30 Июл 2020 08:56
0 ой-пикир

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 30-июлда — Улуттук аза күтүү күнүнө карата кыргызстандыктарга кайрылуу жолдоду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Мамлекет башчысынын кайрылуусунун тексти:

«Урматтуу мекендештерим!

Бүгүнкү күн — коронавирустан каза болгон мекендештерибизди эскерүүгө арналган Улуттук аза күтүү күнү.

Жалпы кыргызстандыктар көзү өткөндөрдү эскерип, аза күткөн, маркумдардын үй-бүлөсүнө кайрат айтып, тилектештик билдире турган күн.

Дүйнөлүк апаатка айланган бул илдет Кыргызстан элин да кайгы-муңга салды, боордошторбуздан айрылып калдык.

Оорунун айынан жарандарыбыздын ата-энелери, балдары, бир туугандары, жакындары каза болушту.

Өлкөбүз орду толгус жоготууга учурады.

Ар бир көз жумган мекендешим менин сай-сөөгүмдү сыздатып, жүрөгүмдү канатып кетти…

Каза болгондордун жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун, жаны бейиште болсун деп тилейбиз.

Маркумдардын үй-бүлөсүнө, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз, кайрат кылгыла дейбиз.

Жараткандан сабыр тилейбиз.

Баарыбыздын тагдырыбыз бир, жалпы кыргызстандыктар чогуубуз.

Каза болгон жарандарыбыз — ар бирибиздин боордошубуз, жакыныбыз, мекендешибиз, досубуз, коңшубуз же жөн гана таанышыбыз.

Урматуу мекендештерим!

Жарандарыбыздын өмүрү, элибиздин ден-соолугу үчүн болгон күрөш дагы эле бүтө элек.

Бул апаат ар бирибизди оор сыноодон өткөрүп жатат.

Илдет менен күрөшүү, элибиздин ден-соолугун сактап калуу — бул жалпы улуттук күрөш.

Биз баарыбыз бирге аракет кылсак, бир күч, бир дем болсок, бул апаатты жеңебиз!

Урматтуу мекендештерим, кадырлуу калкым!

Кайраттуу бололу, сабыр тилейли!

Эртең мусулмандардын улуу күнү — Курман айт.

Каза болгондорго арналып куран окулат, өткөндөрдүн бейишин тилеп, Жаратканга сыйынабыз.

Ата-энелеринен, уул-кыздарынан, жакын туугандарынан ажыраган мекендештеримдин аза күйүтүн тең бөлүшөм!

Каарман элибизди, сүйүктүү Кыргызстаныбызды Жараткан Кудай Өзү колдосун!

Ар дайым элибизде аманчылык, жергебизде тынчтык болсун!»

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.