Ысык-Көл облусунун милициясы коронавирустун курмандыктарын эскеришти. ФОТО

Окуялар тизмеги 30 Июл 2020 12:48
0 ой-пикир

Бүгүн Кыргызстанда Улуттук аза күтүү күнү өтүп жатат. Ушундан улам, Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын өздүк курамы коронавирус жана пневмония илдеттеринен каза болгон жарандардын элесин эскеришти.

Өздүк курамдын алдында сөз сүйлөгөн облустук милициянын башчысы Улан Асанбаев, Кыргызстанда коронавирус инфекциясы жайыла баштаган учурдан тартып көптөгөн мекендештер каза тапканын, алардын ичинде жарандарыбыздын саламаттыгынын жана өмүрүнүн сакчысында турган дарыгерлер менен бирдикте милиция кызматкерлери да бар экенин билдирди. Бул Кыргызстандын эли үчүн оор жоготуу болду.

Ысык-Көл ОИИБдин административдик имаратындын алдындагы кыргыз мамлекеттик туусу ылдый түшүрүлдү.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.