УКМК: Кылычбек Султан мурда козголгон кылмыш ишинин алкагында күбө катары өтүп жатат

Окуялар тизмеги 30 Июл 2020 09:17
0 ой-пикир

Кыргызстандын мурдагы элчиси Кылычбек Султан буга чейин козголгон кылмыш ишинин алкагында күбө катары өтүп жатат. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы билдирет.

«Азыркы учурда Кылычбек Султандын Кыргыз Республикасынын Түштүк Кореядагы ыйгарым укуктуу элчиси болуп иштеп жүргөндө кызмат абалынан пайдаланышы ыктымал экендигине байланыштуу сотко чейинки териштирүүгө алынган бир катар эпизоддор боюнча териштирүү иштери жүрүп жатат», — деп айтылат маалыматта.

2020-жылдын 27-июлунда Кылычбек Султан жогорудагы иш боюнча түшүндүрмө берүү үчүн УКМКнын тергөө органдарына күбө катары чакырылган. Бирок Кылычбек Султан көрсөтмө берүүдөн баш тарткандыктан тергөө амалдары жылдырылган.

Эскерте кетсек, Кылычбек Султан өтө оор кылмыш иш боюнча сурак берип жатканын анын адвокаты Таалайгүл Токтакунова билдирген.

Жактоочунун айтымында, экс-элчи Жазык кодексинин 309-беренесинин («Бийликти күч менен басып алуу») негизинде сотко чейинки териштирүү алкагында күбө катары суралган.

Кылычбек Султан «Фейсбуктагы» баракчасына президент Сооронбай Жээнбековго импичмент жарыялоо боюнча 5-августта нааразылык акциясы болору тууралуу жазган. Ошондой эле пандемия шартында бийликтин кетирген кемчиликтери, коррупцияга каршы күрөш начар болуп жатканы тууралуу сын пикирлерин Интернетте жазып келген.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.