Экс-элчи Кылычбек Султан өтө оор кылмыш боюнча УКМКга сурак берүүдө

Окуялар тизмеги 29 Июл 2020 15:17
0 ой-пикир

Экс-элчи Кылычбек Султан бийликти күч менен басып алуу тууралуу козголгон иш боюнча суралууда. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна анын адвокаты Таалайгүл Токтакунова билдирди.

Жактоочунун айтымында, Султан бул ишке байланыштуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке алгач 23-июлда чакырылган. Адвокатсыз сурак берүүдөн баш тарткандыктан, тергөөчү менен жолугушуу 27-июлга которулган. Экс-элчи адвокаты менен ал күнү алар атайын кызматтын имаратында үч сааттай болушкан.

Жыйынтыгында Кылычбек Султан Жазык кодексинин 309-беренесинин («Бийликти күч менен басып алуу») негизинде сотко чейинки териштирүү алкагында күбө катары суралган. Бул иш 17-июлда факт боюнча козголгону белгилүү болду.

Кылычбек Султан «Фейсбуктагы» баракчасына президент Сооронбай Жээнбековго импичмент жарыялоо боюнча 5-августта нааразылык акциясы болору тууралуу жазган. Ошондой эле пандемия шартында бийликтин кетирген кемчиликтери, коррупцияга каршы күрөш начар болуп жатканы тууралуу сын пикирлерин Интернетте жазып келген.

Мурдагы элчинин суракка чакырылышы боюнча УКМК комментарий бере элек.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.