Дагы 32 адам. COVID-19 жуккан медиктердин саны 2743гө жетти

Окуялар тизмеги 30 Июл 2020 13:12
0 ой-пикир

Акыркы сутка ичинде өлкө боюнча 32 медицина кызматкери коронавируска кабылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова билдирди.

Анын айтымында, Ош шаарында 9, Ош облусунда 7, Жалал-Абад облусунда 2, Ысык-Көл облусунда 6, Нарын облусунда 2, Баткен облусунда 6 медик илдетке кабылды.

Акыркы бир суткада 13 медициналык кызматкер айыгып, ооруканадан чыкты. Пандемия башталгандан бери республика боюнча COVID-19ду жалпы 2743 медкызматкер жугузуп алып, алардын 1664ү сакайганы айтылды.

Расмий маалыматка караганда, өлкөдө коронавирус жугузуп алган 30га чукул медициналык кызматкер каза болду. ЖМКлардын эсептөөсү боюнча көз жумган ак халатчандардын саны мындан эки эсе көп.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.