Кыргызстанда дагы 1 миң 131 адам коронавирустан (пневмонияны эсепке алганда) айыгып чыкты. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынында Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.
Бишкек шаарында 415 киши, Ош шаарында – 77, Чүй облусунда – 165, Ош облусунда – 86, Нарын облусунда – 24, Ысык-Көл облусунда – 148, Жалал-Абад облусунда – 112, Талас облусунда – 42, Баткен облусунда 62 бейтап коронавирустан айыкты.
Учурда Кыргызстанда коронавирусту (пневмонияны эсепке алганда) жугузуп алгандардын саны 35 миң 143 адам болду. Ал эми илдеттен айыгып чыккандардын жалпы саны 24 миң 474кө жетти.