COVID-19 курмандыктарын эскерүү. Президент айрым маркумдардын үйүнө барып, куран окутту

Окуялар тизмеги 30 Июл 2020 14:15
0 ой-пикир

Бүгүн 30-июлда Кыргызстанда коронавирус курмандыктарын эскерүү үчүн Улуттук аза күтүү күнү өтүп жатат. Өлкөдө COVID-19 вирусу жайыла баштаган учурдан тартып бул оор илдеттен миңден ашык жаран каза тапты. Алардын арасында кыргыз элине таанымал атактуу инсандар жана белгилүү коомдук ишмерлер бар.

Президент Сооронбай Жээнбеков алардын айрымдарынын үйлөрүнө барып, куран окутту.

Мамлекет башчысы эртең менен “Ата-Бейит” мемориалдык комплексиндеги эскерүү иш-чарасынан кийин Жогорку Кеңештин мурдагы төрагалары Мукар Чолпонбаев менен Чыныбай Турсунбековдун, парламенттин мурдагы депутаты Жыпар Жекшеевдин, мурдагы муфтий Чубак Жалиловдун жана коомдук ишмер Бүбүкан Досалиеванын үйлөрүнө барып, маркумдардын жакындарына көңүл айтты.

Кыргызстанда коронавирус инфекциясы алгачкы ирет 18-мартта катталган. Өлкө боюнча учурда 35 миң 143 адам илдетке кабылып, 1364ү көз жумду.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.