Аза күтүү күнү. Борбордук мечитте маркумдарга багышталып Куран окулду

Окуялар тизмеги 30 Июл 2020 15:51
0 ой-пикир

Бүгүн, 30-июлда Кыргызстанда коронавирус курмандыктарына байланыштуу жалпы Улуттук аза күтүү күнү. Ага байланыштуу Бишкек шаарындагы борбордук мечитте маркумдарга багышталып Куран окулду. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы билдирет.

Курандын нуру менен Аллах Тааладан элибизге тынчтык, аманчылык тилеп дуа кылынды.

«Аллах Таала бардык маркумдарыбызды ырайымына алсын! Кечирим кылсын. Сыркоолоп жаткандарга шыпаа берсин. Жалпы дүйнөнүн үшүн алган вирус эртерээк элибизден алыс болсун. Элибиз аман, жерибиз бүтүн болсун!», — деп Бишкек шаарынын казысынын милдетин аткаруучу Эрназар ажы Асатов бата кылды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.