Медицина кызматкерлери Ысык-Көлдө реабилитациядан өтүшөт

Окуялар тизмеги 29 Июл 2020 12:41
0 ой-пикир

Медицина кызматкерлеринин саламаттыгын калыбына келтирүү боюнча чаралар көрүлөт. Бул тууралуу маалымат жыйында вице-премьер-министр Аида Исмаилова билдирди.

Анын айтымында, медиктердин ден соолугун калыбына келтирүү боюнча өкмөт эс алуу жана реабилитация жайларын караштырды. “Коронавирустан айыккан медиктердин ден соолугун чыңдоо үчүн Ысык-Көлдө пансионат тандалып алынды”, — дейт Исаилова.

Вице-премьер кайсы пансионат экендигин тактаган жок.

Белгилей кетсек, жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 2 миң 711 учур катталды, алардын ичинен 1 миң 595 медкызматкер айыкты

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.