Өлкөдө бир күндө 12 өрт кырсыгы катталды

Окуялар тизмеги 29 Июл 2020 10:50
0 ой-пикир

Сутка ичинде республиканын аймагында 12 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 13 бөлүм тартылган. Куткаруу кызматтары тарабынан 3 чыгуу болгон. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Ош облусунун Араван районунун Калинин көчөсүндөгү мал сарайдын 105 чарчы метр чатыры балдардын от менен болгон шоктугунан күйгөн.

Ал эми Ноокат районунун Жаңы-Ноокат айыл аймагындагы эски дүкөн күйгөн. Аны менен бирге 3 диван, 10 килем өрттөнгөн. Баткен облусунун Лейлек районунун Ж.Мамытов көчөсүндөгү сарай электр зымдарынын кыска туташуусунан күйгөн.

Калган учурларда куураган чөп өрттөнгөн.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.