ЕАЭБ коронавирусту токтотуу боюнча иш-чаралардын комплекстүү планын бекитти

Окуялар тизмеги 29 Июл 2020 09:17
0 ой-пикир

ЕАЭБдин өкмөттөр аралык кеңеши коронавирусту токтотуу боюнча санитардык-эпидемиологиялык кырдаалды жакшыртуу максатында иш-чаралардын комплекстүү планын бекитти. Бул тууралуу биримдиктин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, акылдашып түзүлгөн алгоритмди ишке ашырып, лабораториялык изилдөөлөрдү жүргүзүү боюнча сунуштарды биргелешип иштеп чыгуу пландалууда. Ошондой эле элди коопсуз, сапаттуу, натыйжа бере тургандай вакцина жана диагностикалык жабдуулар менен камсыз кылуу үчүн илимий иликтөөлөрдү чогуу жүргүзүү маселеси да планга киргизилген.

«ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү профилдик уюмдардын адистерин белгилүү жана жаңы инфекциялык оорулардын чыгуусун аныктоо боюнча окутуу да каралып жатат. Мындан сырткары, кооптуу делген вирустар менен күрөшүүдө керектеле турган медициналык буюмдарды өндүргөндөр тууралуу расмий маалыматты жарыялап туруу да макулдашылды», —деп айтылат маалыматта.

Планга киргизилген иш-чараларды жүзөгө ашыруу ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү саламаттык сактоо системасынын потенциалын бекемдөөгө жардам бере турганы кошумчаланды. Маалым болгондой, жогоруда сөз болгон пландар аткарылса, кийинки эпидемияларды алдын алып, аны жок кылууга өбөлгө түзүлөрү белгиленди.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.