Дагы 323. Мекенине кайтууну каалаган кыргызстандыктарды кайтаруу иштери уланууда

Окуялар тизмеги 29 Июл 2020 13:42
0 ой-пикир

Бүгүн, 29-июлда Кыргызстанга Түркиядан 323 КР жараны кайтып келди, алардын арасында жаш балдар да бар. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

“Биздин жарандар «Turkish Airlines» авиакомпаниясынын Стамбул-Бишкек-Стамбул багыты боюнча Кыргызстандан Түркиянын жарандарын, Түркиядан Кыргызстандын жарандарын алып чыгуу үчүн уюштурулган чартердик каттам менен келишти”, — деп белгилешти министрликтен.

Түркия тарабы эл аралык авиакаттамды жандандырышына жана чет өлкөлүк жарандардын келүүсүнө чектөөлөрдү алып салышына байланыштуу транзиттик алмаштыруу жолу аркылуу Кыргызстанга бул каттам менен биздин жарандар АКШ, Канада, Эфиопия, Франция, Германия, Испания, Италия, Түндүк Кипр, Венгрия, Словакия, Грузия, Корея Республикасы, Украина, Чехия, Болгария, Марокко, Улуу Британия, Бельгия, Норвегия, Польша, Швециядан келишти.

Чет мамлекеттерде жүргөн жана мекенине кайтып келүүнү каалаган Кыргызстандын жарандарын кайтаруу боюнча иштер уланууда.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.