Бишкекте убактылуу стационарларга 83 миңге жакын адам кайрылды

Окуялар тизмеги 29 Июл 2020 15:57
0 ой-пикир

Бишкектеги күндүзгү стационарларга жалпы 75 миң 755, түнкү стационарларга 7 миң 220 адам кайрылган. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Билдирүүдө айтылгандай, кечээ күндүзгү стационарларга 1 миң 753 жаран кайрылган. Алардын ичинен 1 миң 206сы инфузиондук терапиядан өткөн, 534тү медициналык кеңеш алса, 13 бейтап ооруканага жаткырылган. Ал эми түнкү стационарларга 268 адам кайрылган. Каза болгон учурлар катталган жок.

“Стационарларда кезек күтүү болгон жок. Шаардагы 13 күндүзгү стационарда 908 орундук, үч түнкү стационарда 265 керебет даярдалган. Ошондой эле ал жерлерде 176 кычкылтек концентратору жана пульсоксиметрлер бар. Стационарларда 27 дарыкана иштөөдө”, — деп айтылат маалыматта.

Стационарларда дарыгер, медайым, санитар, ординатор жана ыктыярчылардан турган топ тиешелүү жардамдарды көрсөтүүдө. Медперсоналдардын баары жеке коргонуучу каражаттар менен камсыздалган.

Эскерте кетсек, коронавирус менен ооруган бейтаптардын саны кескин көбөйгөнүнө байланыштуу ооруканаларда орундар жетишпей калган. Июлдун башында Бишкек мэриясы мектеп-интернаттарында, мейманканаларда жана спорт залдарда убактылуу стационарларды уюштурган.

Анда коронавирус жана пневмониядан жабыркаган бейтаптар келип, медициналык жардам алууга мүмкүнчүлүк алышкан. Дары-дармектери жана уколдор бейтаптардын өзүнүн эсебинен болгон.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.