Акыркы суткада коронавирустан 18 адам ажал тапты

Окуялар тизмеги 29 Июл 2020 11:28
0 ой-пикир

Кыргызстанда акыркы суткада коронавирустан 18 бейтап каза тапты. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Анын айтымында, Бишкекте 9, Ош шаарында 4, Чүй облусунда 2, Ош облусунда 1, Талас облусунда 1 жана Ысык-Көл облусунда 1 адам илдеттен (пневмонияны эсепке алганда) каза болду.

Кыргызстанда 29-июлга карата коронавирус жана пневмония жуктурган учурлардын саны 34 миң 512ге жетти. Илдеттен жалпы 23 миң 343 жаран айыкса, каза болгондордун жалпы саны 1347ни түзөт.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.