ВИДЕО: Гуманитардык жардам базарда сатылуудабы?

Окуялар тизмеги 28 Июл 2020 18:18
0 ой-пикир

Учурда социалдык тармакта гуманитардык жардамдар Бишкектин базарларында сатылып жаткандыгы тууралуу баяндалган видео тарап жатат. Видеонун авторунун айтымында, Бишкектеги “Жунхай” базарында өлкөгө жардам катары келген бахиллалар, антисептиктер жана медициналык маскалар сатылып жатат.

Аталган фактыга байланыштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү (Финпол) кызматы текшерүү жүргүзгөн.

Финполдон кабарлашкандай, комплекстүү иш-чаранын алкагында сатылып жаткан товарлар гуманитардык жардамга эч кандай тиешеси жок экендигин аныкталган. Алар өлкөнүн ишкерлери тарабынан мыйзамдуу негизде алып келинген жана тиешелүү документтер көрсөтүлгөн.

Финпол медициналык препараттардын баасын негизсиз жогорулаткандар болсо 1955 номери аркылуу кабарлап коюуну өтүнөт.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.