Жакшы-жаман иштеген министрликтер. Статистика комитетинин рейтинги

Окуялар тизмеги 27 Июл 2020 09:38
0 ой-пикир

Улуттук статистика комитети 2020-жылдын биринчи жарым жылдыгына карата элдин ишеним индексине таянып мамлекеттик органдардын рейтингин жарыялады.

Мекеменин маалыматы боюнча, бул индекс +100 жана –100 баллдык шкала менен эсептелет.

Кыргызстандыктардын берген баасы боюнча жакшы иштеп жаткан органдар:

1. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги — 48,9 балл.

2. Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитети — 46,2 балл.

3. Этностор аралык мамилелер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча агенттиги — 43,9 балл.

4. Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги — 43,9 балл.

5. Маданият, маалымат жана туризм министрлиги — 41,7 балл.

Белгилей кетсек, өткөн жылдын экинчи жарым жылдыгындагы рейтингдин алдыңкы бештигинде дагы ушул органдар турган. Алты айдын ичинде элдин ишеними ошол эле бойдон сакталып калган.

Кыргызстандыктардын берген баасы боюнча начар иштеп жаткан органдар:

1. Мамлекеттик бажы кызматы — 10,8 балл.

2. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы — 16,3 балл.

3. Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду — 20,9 балл.

4. Мамлекеттик соттук-эксперттик кызмат — 21 балл.

5. Экономика министрлиги — 23,3 балл.

Жарым жыл мурдагы антирейтингде дагы Бажы кызматы тизменин башына чыккан. Ал эми ЖАМК болсо Экология жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекцияга орун бошотуп үчүнчү сапта турган. Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду төртүнчү, Ветеринария жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекция бешинчи орунган ээ болгон эле.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.