Нарын районунда “Өспүрүм-түн” рейди өткөрүлдү

Окуялар тизмеги 27 Июл 2020 10:05
0 ой-пикир

Балдардын ден соолугуна, интеллектуалдык, психикалык, руханий жана адептик өнүгүүсүнө зыян келтирүүнүн алдын алуу максатында Нарын районунун аймагында жайгашкан айылдардын көчөлөрүндө рейд жүргүзүлдү. Бул тууралуу Нарын ОИИБинин басма сз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кечкисин ата-энесинин коштоосу жок жүргөн 2 өспүрүм аныкталды. Алар милициянын таяныч пунктуна алынып келинип, өспүрүмдөрдү каттоо журналына каттап, түнкү убакта топтошуп мушташуу, жаш өспүрүмдөргө карата жана алар тарабынан жасалган кылмыштарды алдын алуу максатында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Мындан тышкары кризистик жашоо шартына кабылган балдарды жана ата-энеси миграцияда жүргөн кароосуз калган өспүрүмдөрдү аныктоо максатында үймө-үй кыдыруулар уюштурулду.

Жашоо шарты начар үй-бүлөргө Нарын РИИБнүн жашы жете электердин иштери боюнча инспекторлордун демилгеси менен азык-түлүк жагынан жардам берилди.

Ошондой эле райондун аймагында сууга чөгүү фактысы орун алып жаткандыгына байланыштуу жаш өспүрүмдөргө жана ата-энелерге жайкы каникул убагы болгондуктан көзөмөлдү күчөтүүнү, сууга чөгүү фактыларын жана жугуштуу илдеттин алдын алуу максатында коомдук жайларда, эл көп чогулган жерлерге бет кап тагынып, өздүк гигиенасын туура сактоо жөнүндө тынымсыз иштер жүргүзүлүп жатат.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.