Кой-Таш окуясы боюнча сот 29-июлга жылдырылды

Окуялар тизмеги 27 Июл 2020 12:25
0 ой-пикир

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда былтыр 7-8-август күнү Кой-Ташта болгон окуялар боюнча кылмыш иши боюнча отурум өтүүдө.

Сотто Марат Сыдыков төрагалык кылууда.

Мамлекеттик айыптоочулар тобунан кабарлашкандай, отурум кайрадан айыпталуучулардын жактоочулары келбегендиктен 29-июлга жылдырылды.

Эскерте кетсек, 7-август күнү мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди тергөө органдарына күчтөп алып келүү учурунда күч түзүмдөрү менен мурдагы президенттин тарапташтары ортосунда кагылышуу болгон. Анын жыйынтыгында атайын даярдыктагы бөлүктүн кызматкери каза болуп, ондогон адам ар кандай жаракат алган.

8-август күнү кечинде Атамбаев кармалып, Биринчи май райондук соттун чечими менен ал УКМКнын тергөө абагына камакка алынган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.