Өкмөт саламаттык сактоо министри кызматтан кеткендиги тууралуу маалыматты четке какты

Окуялар тизмеги 27 Июл 2020 15:17
0 ой-пикир

Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримовдун кызматтан кеткен жок. Бул тууралу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, министр пневмония илдетинен айыгып ооруканадан чыкты. Ал учурда аралыктан иштөөдө. Жакынкы күндөрү ишке чыгат.

Айрым ЖМКлар саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов отставкага кетүү тууралуу арыз жазганын, анын ордуна өкмөттүн алдындагы Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун жетекчиси Элнура Боронбаева дайындала турганын жазып чыккан.

Эске салсак, 10-июлда саламаттык сактоо министри пневмония менен ооруп жаткандыгы кабарланган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.