Бир күндө коронавирустан 24 бейтап ажал тапты

Окуялар тизмеги 27 Июл 2020 11:32
0 ой-пикир

Кыргызстанда соңку бир күндүн ичинде коронавирус жуктурган 24 адам каза болду. Бул туурасында Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматов брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, COVID-19дан үч адам жана анын кесепетинен келип чыккан пневмониядан 21 киши кайтыш болгон.

  • Бишкек – 6;
  • Ош шаары — 1;
  • Чүй облусу – 1;
  • Ош облусу – 1;
  • Нарын облусу – 1;
  • Талас облусу – 3;
  • Ысык-Көл облусу – 4;
  • Жалал-Абад облусу – 6;
  • Баткен облусу – 1 бейтап.

Жалпысынан марттан бери коронавирус жуктуруп каза тапкандардын саны 1 миң 301ге жетти.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.