Коронавирус менен ооругандардан акча алып, байып кетем дегендер бар, — башкы пульмонолог, профессор Сооронбаев

Окуялар тизмеги 26 Июл 2020 13:37
0 ой-пикир

Кыргызстанда коронавирус жана пневмонияга кабылгандардын жалпы саны 32 миңден ашты. Өлкөдө эпидемиологиялык кырдаал дале оор бойдон калууда.

Мына ошол коронавирустук пневмония деген эмне, анын негизги белгилери жана ооруну алдын алуу үчүн эмне кылыш керектиги боюнча башкы пульмонолог, профессор Талант Сооронбаев «Марал» радиосуна маек курган.

Коронавирус менен пневмония экөө — бир оору

Коронавирус менен азыркы убакта болуп жаткан пневмония оорусу экөө бир оору. Анткени болуп жаткан пневмониялардын бардыгы Кыргызстанда гана эмес, жалпы эле дүйнө жүзүндө коронавирус инфекциясы менен тыгыз байланышта. Башкача айтканда, пневмониянын негизги пайда болуш себеби бул коронавирустук инфекция.  Демек, эки башка нерсе эмес, бул- бир.

Коронавируска чалыккандар көбөйгөндүгү үчүн пневмония көбөйдү. Себеби, коронавируска кабылган ар бир экинчи адам пневмония болот. Бул коронавирустун өзгөчөлүгү болуп саналат. Аталган вирус мурундагы клеткалар аркылуу организмге кирет. Бара-бара сөзсүз түрдө өпкөгө түшөт. Иммунитети начар, өнөкөт оорусу бар адамдар, жашы улгайгандардын пневмонияга кабылуу көрсөткүчү жогору. Бирок ошол эле учурда жаштар арасында да пневмонияга кабылгандар катталууда.

Пневмонияга кабылбоо үчүн эмне кылыш керек?

Пневмония менен ооруп калбаш үчүн биринчи кезекте коронавирус менен ооруп калбоого аракет кылыш керек. Ал үчүн өздүк гигиенаны толук сактоо керектелет. Муктаждык жок болсо, үйдө отуруу, колду бат-баттан жуу, аралыкты сактоо, көпчүлүк болуп чогулбоо, беткап тагынуу . Мындай ыкмалар менен дүйнө жүзүндөгү өнүккөн мамлекеттер, эч кандай дарысы, вакцинасы жок миңдеген адамдардын өмүрүн сактап калды. Бул иш жүзүндө далилденди. Мисалы, пневмониядан, коронавирустан дары менен сактаныш мүмкүн эмес, себеби, бүгүнкү күнгө чейин вакцинасы табыла элек. Учурда элдин баары оорунун алдын алуу үчүн витамин, антибиотиктерди ичип дарыланып жатышат. Мунун баары эч кандай таасир бербейт. Эң негизгиси гигиена менен тартипти сактап, туура тамактаныш керек. Ошондой эле, физикалык кыймыл-аракеттерге көнүл буруп, көп баскан жакшы. Мындан сырткары, насывай, тамеки тартуудан алыс болушу керек. Коронавирустук пневмония оорусу тамеки тарткан, арак ичкен, аз кыймылдаган, спорттон алыс болгон адамдарга бат жугат жана пневмониянын оор түрүнө чалдыгат.

Ошол эле учурда коронавирус оорусу жашы улгайгандардын арасында оор өткөндүктөн, аксакалдарды, ата- энерлерибизди оорудан коргошубуз керек. Кичине эле белгилери байкалса, дарыгерге кайрылып, тыкыр текшерүүлөрдөн өткөрүп, керектүү дарыларын убагында берип, ар тараптуу колдоо көрсөтүш керек. Өнөкөт оорусу бар жарандар да олуттуу мамиле жасабаса оору күчөп, жаман жыйынтыкка алып келиши мүмкүн.

Азыркы пневмониянын белгилери ар кандай

Азыркы учурда жүрүп жаткан пневмониянын белгилери ар кандай болот. Коронавирус менен байланышы жок мурунку бактериялык пневмониянын өзүнө тиешелүү белгилери бар. Ал эми коронавирустук пнемониянын өзүнө тиешелүү так белгилери жок. Ар кандай белгилерди бериши мүмкүн. Кээ бир адамдар жөтөлбөйт, дене табы көтөрүлбөйт, бирок өпкөсүндө пневмония болот. Көпчүлүк адамдар деми кыстыкпай эле, эч кандай белгиси жок эле пневмония чыгып жатат. Эгерде адам оор дем алып калса, ал ошол адамда пневмония пайда болду деген белги сыяктуу кабыл алып, сөзсүз түрдө дарыгерге кайрылыш керек. Коронавирустук пневмониянын бактериялык пневмониядан негизги айырмасы, ал эки өпкөнү тең каптайт жана эки өпкөнүн тең ылдыйкы жана чет жактагы бөлүктөрүндө болот. Төрт айдан бери пневмония болуп ооруп, өпкөсүнүн бир эле жагы жабыркаган учуру каттала элек. Ал эми мурунку пневмониялардын көпчүлүгү бир эле өпкөдө болот. Коронавирус менен ооруган адамдар сөзсүз түрдө пульсоксиметр аппараты менен кандагы кычкылтектин көлөмүн өлчөш керек. Эгерде кычкылтектин деңгээли 93%дан төмөн болсо, анда бул да коронавирустук пневмониядан кабар берген белги. Болгондо да пневмония күчөп кетип, өпкөсү жараксыз, кычкылтек керек деген белги. Коронавирустук пневмония жаңы оору болгондуктан, учурда толук изилденип бүтө элек. Анын негизги белгилери «булар» деп айта албайбыз.

Эч кандай оорунун белгиси байкалбай, эч кандай дары-дармек колдонбой жүрүп каза болуп калуу мүмкүнбү?

Коронавирус инфекциясы жеңил, орто, оор жана өзгөчө оор формада болот. Коронавирустун жеңил формасына кабылгандар да пневмонияга кабылышы мүмкүн. Ден соолугу чың, иммунитети бекем, жаш адамдар көп учурда дарыланбай деле үйдө айыгып кетет. Бирок ооруп калган адамдар сөзсүз турдө дарыгер менен байланышып, каттоодон өтүп, дарыгердин көзөмөлүндө болушу керек. Себеби жеңил түрү болсо, көп дары ичпегиле деп айтып, жалаң дарыгердин кеңеши менен дарыланышы керек.

Учурда «бромгексин», «верошпирон»  деген дарыны ооруганы деле, оорубаганы деле ичип жатат. Ошондой эле кан суюлта турган гепарин, аспирин деген дарыларды жөн эле ченеми жок ичип жатышат. Мунун бардыгы туура эмес жана вируска каршы жардам бербейт.

Ал эми антибиотиктерди таптакыр колдонбош керек деп айта албайм, бирок үй шартында колдонбош керек. Себеби үй шартында дарыланып жаткандар жеңил түрү менен ооруп жаткандар. Антибиотик дарылары жалаң оор түрү менен ооруган адамдарга берилиши керек, анда да дарыгерлер кеңешип, чын эле муктаж болсо гана берилет.

Учурда дары маселесине өзгөчө көңүл буруш керек

Эч кандай оорунун белгилери жок эле бирөө алсырап, тердеп кайрылса 15 дары жазып бериптир. Ошол 15 дарынын бирөөсүнүн да кереги жок. Алардын арасында жогоруда айтып өткөн бромгексин, верошпирон жүрөт. Бул дарылардын өздөрүнүн кимге бериш керек деген көрсөтмөсү бар, бардык эле катардагы адамга бере бербейт. Мисалы верошпиронду жүрөгү ооруган адамдарга беришет. Коронавирус менен ооругандардын баарына бериле турган жалпы дары жок. Бир да дарыны дарыгердин кеңеши жок колдонбош керек. Азыр баары баш-аламан болуп кетти. Эгерде дарыларды ченеми жок ойду-келди иче берсе, анда ошол дарылардын зыяны сөзсүз түрдө тиет.

Ошол эле учурда жеке менчик медицина мекемелери бул иштерге абдан кызыгып, консультацияга муктаж болгон элдин көптүгүнөн бардыгы эле өпкө дарыгер болуп кетишти. Неврологу деле, хирургу деле, гинекологу деле өпкө боюнча адис болуп алышты. Бул жерде кандайдыр бир деңгээлде жеке кызыкчылыкты көздөшүп, алгоритим деп кимге болбосун бир канча дарылардын тизмесин жазып алып, ошолорду жазып берип жатат. Бул жерде фармбизнестегилер, дары-дармек саткандар кичине тартынып, анчалык аша чаап кетпеши керек. Азыр коронавирус менен ооруган жарандардан акча алып, байып кетем дегендер эч качан байып кетпейт.

Ар бир жаран өз ден соолугуна өзү жоопкерчиликтүү

Мен ден соолугумдун абалы үчүн эч качан башкаларды күнөөлөбөшүм керек. Ар бир адам, ар бир үй-бүлө өзүнүн ден соолугуна өзү кам көрөт. «Кандай кылсам оорубай калам» деген суроонун үстүнөн иш-аракетти жасаш керек. Сергек жашоо принциптерине көңүл буруу маанилүү. Иммунитетти көтөрүүдө эч кандай өзгөчө аракеттердин кереги жок жана ага тийишпеш керек. Адамдын денеси уникалдуу, иммунитетти зыян нерселерден алыс кылып, туура сергек жашоо менен көтөрсө болот.

Коронавирус инфекциясы кээ бир учурда узакка созулат. Анын айрым белгилери эки айга чейин созулушу мүмкүн. Мисалы, адам ооруп сакайып, ПЦР менен рентген тапшырса, коронавирус жок деп таза чыгат. Бирок, 3 жума өтөт, 6 жума өтөт далы ачышып, алсыз болуп, тердеп, жөтөлүшү мүмкүн. Бул коронавирустун өзгөчөлүгү, «мынча күндө айыгып, мынча күндө белгилери жок болот» деп айта албайт. Адам ооруп айыккандан кийин деле белгилери кала берет. Ал коронавирус инфекциясы кетпей калды деген белги эмес. Калып калган белгилерди кетирем деп дарыны ичиштин кереги жок. Жалаң гана дем алуу гимнастикаларын жасап, кыймыл-аракет жасап, жакшы маанай менен күнүмдүк жашоого кайтууга аракет кылган жакшы. Бир да дары колдонбой коронавирустан кутулуп, жакшы жашоого кайтып келсе болот.

Коронавирустан айыгып чыккан адам пневмония болуп калышы мүмкүнбү?

Коронавирустан айыгып чыккан адам күзүндө грипп болуп оорушу мүмкүн. Же болбосо пневмококко чалдыгып, пневмония болуп калышы да мүмкүн. Ошондуктан күзгө жакын пневмококко каршы, айрыкча, өнөкөт оору менен ооругандарга жана улгайгандарга вакцинация кылса жакшы болот. Бул маселе буга чейин эле каралган. Мындай кадамдар күзүндө күтүлүп жаткан нерсенин алдын алып, ооруну жеңил өткөрүүгө жардам берет.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.