COVID-19: Бишкектеги стационарларда 1377 бош орун бар

Окуялар тизмеги 26 Июл 2020 15:33
0 ой-пикир

Кыргызстанда күн санап коронавирустан сакайып жаткандардын саны кыйла өсүп, оң динамика байкалууда. 25-июлда COVID-19 вирусу 877 адамдан табылса, 1165 бейтап айыгып чыкты. Бүгүн илдеттин жаңы 689 учуру аныкталса, 1185 адам сакайып чыкты. Ооруканаларда жаткан бейтаптардын саны да азайып, мындан үч күн мурун 1 190 бош койка болсо, бүгүн дагы 187 орун кошулду. Учурда Бишкектеги ооруканаларда 1377 бош орун бар экени айтылды

Коронавируска кабылгандар төмөндө көрсөтүлгөн ооруканаларга барып кайрылса болот:

  • «Гансидеги» оорукана — 516;
  • Улуттук госпиталь — 149;
  • Воронцовкадагы санаторий — 181;
  • №1 Интернат — 98;
  • Интергельпо көчөсүндөгү оорукана — 87;
  • Республикалык наркология борбору — 82;
  • Азиздер жана көрүүсү начар балдар интернаты — 43;
  • №1 Шаардык клиникалык оорукана — 60;
  • «Ынтымак» медресеси — 36;
  • Темир жол ооруканасы — 17;
  • Дайыр Асанов атындагы аскер лицейи — 54;
  • Улуттук кардиология жана терапия борбору — 10;
  • Rixon мейманканасы — 16;
  • Кыргыз мамлекеттик медицина академиясы — 15;
  • Discovery мейманканасы — 9.
  • Улуттук хирургия борбору — 3;
  • Улуттук фтизиатрия борбору — 1.

Белгилей кетсек, ооруканалардын жана күндүзгү, түнкү стационарлардын дарегин жана андагы бош орундарды көрсөтүп турган карта иштелип чыккан.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.