Бишкек капиталдык курулуш башкармалыгынын мурдагы башчысы Александр Воротников каза болду

Окуялар тизмеги 26 Июл 2020 09:47
0 ой-пикир

Бишкек мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгынын мурдагы башчысы Александр Воротников 69 жашында пневмониядан каза болду. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Александр Воротников 33 жыл ичинде техникалык көзөмөл боюнча инженерден Бишкек мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысына чейинки кызматтарды аркалаган.

«Ал өз тармагында таанымал адис болгон. Анын катышуусу менен жана анын жетекчилиги астында түштүк кичи райондордон «Ала-Тоо» аянтына чейин объекттер иштелип чыккан. Акыркы айларда ал чоң курулуштар, мектеп жана бала бакчалардын проектисинин үстүнөн иштеп жаткан», — деп айтылат маалыматта.

Бишкек шаарынын мэриясы маркумдун туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.