Учурда Жогорку Кеңеште 13 өкүлү бар “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясы күзүндөгү парламенттик шайлоого катышпайт.
Борбордук шайлоо комиссиясынан кабарлашкандай, шайлоого катышуу жөнүндө билдирүүнү 44 партия тапшырган. Бул тизмеде аталган партиянын аты жок.
Айрым ЖМКлар партиянын лидери Бакыт Төрөбаев жана депутат Тынчтыкбек Шайназаров “Мекеним Кыргызстан” партиясынын катарында Жогорку Кеңешке шайлоого барары тууралуу жазып чыгышты.
Белгилей кетсек, депутаттар Каныбек Иманалиев, Мирлан Бакиров, Урмат Самаев, Марлен Маматалиев, Таабалды Тиллаевдер “Мекеним Кыргызстан” партиясына кошулган жана парламенттик шайлоого ушул саясий уюм менен аттануу чечимин кабыл алган. Ал эми Мирлан Бакиров партиянын лидерлигине шайланган.
“Мекеним Кыргызстан” партиясы күзүндө өтө турган парламенттик шайлоодо негизги күчкө айланары айтылууда.
Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо быйыл 4-октябрга белгиленген.