410 адам. Росссиядан кыргызстандыктарды кайтаруу боюнча иштер уланууда

Окуялар тизмеги 26 Июл 2020 18:17
0 ой-пикир

Бүгүн, 26-июлда Кыргызстанга «Аэрофлот» авиакомпаниясынын «Москва – Бишкек» багыты боюнча Россиядан 410 КР жараны кайтып келди, алардын арасында 17 жаш бала бар. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Борттогу орундардын санынын чектелгендигинен жана мекенине келүүнү каалагандардын саны көптүгүнөн улам бул каттамга жүргүнчүлөрдүн тизмеси атайын комиссия тарабынан түзүлгөн.

Кыргызстанга Россиянын ЖОЖдорунда окуган студенттер, төрөтү жакындап калган кош бойлуулар жана жаш балдары бар аялдар, ошондой эле мекенине чукул түрдө кайтышы керек болгон себеби бар жарандар: оор илдеттери барлар, жакында эле хирургиялык операция жасаткандар, жакындарынын кайтыш болушу жана башка оор турмуш кырдаалдарына кабылгандар киргизилген.

Чет мамлекеттерде жүргөн жана мекенине кайтып келүүнү каалаган Кыргыз Республикасынын жарандарын кайтаруу боюнча иштер уланууда.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.