Сооронбай Жээнбеков: Кызым медик эмес

Окуялар тизмеги 25 Июл 2020 16:37
0 ой-пикир

Бүгүн, 25-июлда президент Сооронбай Жээнбеков “Биринчи радиого” маек берип жатып, үй-бүлөсүнө байланыштуу суроого жооп берди.

Мамлекет башчысынын айтымында, кызы Бактыгүл Жээнбекова Славян университетинин медицина факультетин эмес, финансы факультетин бүтүргөн. Ал медик эмес.

Кудайга шүгүр, жакында эле экинчи уулдуу болуп, азыр балдары менен үйдө. Менин жубайым илгертен баштап эле, көп жылдар болду, мүмкүнчүлүккө жараша кайрымдуулук ишин жасап келет. Бирок, кайда, кимге берет, алган кишилер дагы ал кишинин жардам берип жатканын билбейт. Баягы «оң колуң бергенди сол колуң билбесин» деген принцип менен иштеп келе жатат. Азыр деле үй-бүлөбүздүн мүмкүнчүлүгүнө жараша ошол кайрымдуулук иштерди улантат.

Ал эми кызым, элибизде айтмакчы, “чыккан кыз — чийден тышкары” дегендей, өз үй-бүлөсү менен алек. Күйөө балам экөө ушул пандемия башталгандан бери, апрель айынан башташкан экен, муктаждарга, дарыгерлерге тамак-аш, дары-дармек таратып, колунан келген жардамын берип жатабыз дешти.

Кыз бала ата-энеге өзгөчө күйүмдүү болот экен. Айрыкча мага абдан күйөт, терс таасирин тийгизип албайын деп өзүн көп нерседен чектейт. Ал кайрымдуулук иштерин деле тынч улантып жатышат», — деди мамлекет башчысы.

Эскерте кетсе, социалдык тармактарда президенттин кызы Бактыгүл Жээнбекова кесиби боюнча дарыгер экенин, учурда медицина кызматкерлери жетишпей жатканда жардам бербегени талкууга түшкөн.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.