Ошто жаңы оорукананын курулушу башталды. ФОТО

Окуялар тизмеги 25 Июл 2020 18:21
0 ой-пикир

Ош шаарындагы жугуштуу оорулар ооруканасынын курулушунун пайдубалын түптөө иш-чарасына премьер-министр Кубатбек Боронов катышты. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү кабарлайт.

Жаңы курулуш Ош шаарындагы жугуштуу оорулар ооруканасынын аймагына тез тургузулуучу конструкция менен тургузулат.

Пайдубал түптөө иш-чарасынын алкагында Өкмөт башчы оорукананын эмгек жамааты менен маектешти, медицина кызматкерлеринин ден соолугун сактоо боюнча мамлекет тараптан көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берди.

Ошондой эле Кубатбек Боронов Ош облусунун Кара-Суу районундагы Баш-Булак айылында ооруканага ылайыкташтырыла турган имараттын абалы менен таанышты.

Премьер-министр багыты өзгөртүлүп, медициналык мекеме болуп жасала турган имаратты оңдоо иштерин сапаттуу жүргүзүү тапшырмасын берди.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.