Кытай АКШнын Чэнду шаарындагы консулдугун жабууну талап кылды

Окуялар тизмеги 25 Июл 2020 18:09
0 ой-пикир

Кытай Америка Кошмо Штаттарынан Чэнду шаарындагы Башкы консулдугун жабууну талап кылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.

Маалыматка караганда, АКШнын дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн иш жүргүзүү лицензиясы артка чакыртылып алынды. Бээжин бул чараны мыйзамдуу жана АКШнын негизсиз кадамына жооп катары сыпаттады.

Буга чейин, 21-июлда Вашингтон Кытайдын Хьюстон шаарындагы консулдугун жапкан. Мындай чечим америкалык интеллектуалдык менчикти, жеке маалыматтарды «коргоо» үчүн кабыл алынганын айтылган. Анын алдында кытайлык эки жаранга киберчабуул коюу менен коронавируска каршы вакцинанын үстүнөн жүрүп жаткан изилдөөлөрдү уурдоого аракет көрүшкөн деген айып тагылган.

Бээжин Вашингтондун кадамын айыптап, ал ортодогу чыңалууну ого бетер күчөтөрүн, чечим өзгөртүлбөсө, тиешелүү жооп кайтарыларын эскерткен.

Бейшембиде АКШнын Мамлекеттик катчысы Майк Помпео Кытай катуу сындап, өнөктөштөрдү Кытай коммунисттик партиясынын глобалдык «гегемонияга» умтулушуна туруштук берүүгө чакырды.

Эки держава ортосундагы мамилелер акыркы мезгилде улам курчуп баратат. АКШ Кытай коронавирустун коркунучу тууралуу маалыматтарды жаап-жашырган, Гонконгдогу эркиндиктерди жана адам укуктарын чектөөдө, Шинжаңдагы мусулмандарды лагерлерге жана абактарга салып жатат деп айыптап келет.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.