«Дагы бышырыш керек». Президент интернетти көзөмөлдөө боюнча мыйзамды артка кайтарат

Окуялар тизмеги 25 Июл 2020 15:17
0 ой-пикир

«Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам керек, бирок аны дагы бышырыш керек», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 25-июлд «Биринчи радиого» берген кезектеги маегинде.

Мамлекет башчысы бул мыйзам долбоору боюнча парламенттин ичиндеги, сыртындагы жана социалдык тармактардагы талкууларга байкоо жүргүзгөнүн айтты.

«Долбоорду жактагандар да, ага каршы чыккандар да бар. Менин позициям — мындай мыйзам биздин өлкөгө керек. Эң биринчи кезекте, азыр баарыбыз айтып жаткан адам укугун, ден соолугун коргоо үчүн зарыл. Биз адамдарды жалган жалаадан, фейк маалыматтан сакташыбыз керек», — дейт президент.

Мамлекет башчысы дүйнөлүк практикага көңүлүн буруп, айрым мамлекеттер фейкке каршы күрөшүп, мыйзамдарды кабыл алып жатканын, бул маселе өнүккөн өлкөлөрдө да көтөрүлгөнүнө токтолду.

«Бизде да ошондой болушу керек. Ушул мыйзамды жарандык коомдун, медиа тармактын катуу сынынан коркпой алып чыккан депутат Гүлшат Асылбаеванын, Айнура Осмонованын, парламент төрагасы баш болгон депутаттардын эмгегин белгилеп кетер элем. Мына ушул мыйзамды талкуулап жатканда биздин коомдо фейк маселеси бар экенин көрдүк да. Мыйзам керектигин парламентте талкууда, ичинде, сыртында талаш-тартыш болгондо көрдүк. Пандемиянын шартына туш болуп, албетте, кенен талкуу болбой калды. Бул мыйзам канчалык терең талкуудан өттү, ал канчалык бышып жетилген мыйзам болду, бул башка маселе», — деп баса белгиледи Жээнбеков.

Президент мыйзамды иштеп чыккандардын жана аны колдоп жаткандардын негизги максаты — жалган маалыматка каршы күрөш экендигин колдой турганын айтып «Бул мыйзам бизге керек. Баса белгилеп айтам, сөз эркиндигин чектөө эмес. Фейктерге каршы, жалган маалыматка каршы мыйзам керек», — деди.

Президент өзүнүн конституциялык укугуна таянып бул мыйзамды кайра иштеп чыгуу үчүн кайра кайтара турганын билдирди.

«Бул мыйзам боюнча медиа тармактын өкүлдөрүнүн, депутаттардын, менин аппаратымдын, тийиштүү министрликтердин өкүлдөрүнүн катышуусунда аны кайрадан иштеп чыгууну сунуштайм. Анткени бул мыйзам бизге керек. Баса белгилеп айтам, бул сөз эркиндигин чектөө эмес. Фейктерге каршы, жалган маалыматка каршы мыйзам керек», — деди Сооронбай Жээнбеков.

Президент Кыргызстанда ким болбосун, социалдык тармакка чыгып, өз арыз-муңун жеткирүүдө толук укугу жана мүмкүнчүлүгү бар экенин кошумчалады.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.