Баткенде пневмонияны аныктоочу эки санариптик рентген иштеп жатат. ФОТО

Окуялар тизмеги 25 Июл 2020 08:44
0 ой-пикир

Баткен шаарында пневмонияны аныктоочу эки санариптик рентген аппараты иштеп жатат.

«Учурда облустук ооруканада жана облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда санариптик флюрографиялык (рентген) жабдуулар орнотулган. Жабдуулар республикалык бюджеттин эсебинен 5 млн 800 миң сомдон сатылып алынды. Бирөө толук кандуу иштеп жатат. Экинчисин орнотуу жумуштары жүрүүдө, жакынкы күндөрү ишке кирет», — деп айтылат облустагы өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирген маалыматта.

Ошондой эле облустук ооруканага кечээ күнү өкмөт тарабынан жаңы тез жардам унаасы берилди. Автоунаанын ичинде медициналык ыкчам кызмат көрсөтүү үчүн бардык шарттар түзүлгөн.

Белгилей кетсек, учурда облуста жасалма дем алдыруучу 44 аппарат иштеп жатат, ал эми 316 кычкылтек жеткирүүчү аппараты бар.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.