Абактагы Азимжан Аскаров кайтыш болду

Окуялар тизмеги 25 Июл 2020 13:05
0 ой-пикир

Июнь окуясы үчүн өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылып, №19 абакта отурган укук коргоочу Азимжан Аскаров дүйнө салды. Бул тууралуу «Бир дүйнө — Кыргызстан» укук коргоо уюмунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова билдирди.

Укук коргоочу катуу ооруп жатканын буга чейин анын адвокаты Валерьян Вахитов, эл аралык «Фергана» басылмасынын негиздөөчүсү жана жетекчиси Даниил Кислов кабарлаган.

69 жаштагы укук коргоочу 2010-жылы июнь окуяларында массалык башаламандык уюштурууга жана киши өлтүрүүгө катышкан деп айыпталып, өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган.

Аскаровдун адвокаттары менен жакындары чечимге макул эмес экенин, укук коргоочу 10 жылдан бери түрмөдө мыйзамсыз отурганын айтып келишкен.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.