Президент Россиядан келген медициналык топ менен жолукту

Окуялар тизмеги 24 Июл 2020 15:55
0 ой-пикир

Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 24-июлда, Россиядан келген медициналык топтун жетекчиси — Башкортостан Республикасынын Саламаттык сактоо министринин орун басары Евгений Кустов менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлайт.

Жолугушууга ошондой эле Россиянын элчиси Николай Удовиченко жана Россиянын Керектөөчүлөрдүн укуктарын жана адамдын бакубаттуулугун коргоо жаатындагы көзөмөл боюнча федералдык кызматтын (Роспотребнадзор) Вирусология институтунун директорунун орун басары Наталья Пшеничная катышты.

Мамлекет башчысы Россия Кыргызстандын стратегиялык өнөктөшү, шериктеши катары коронавирус инфекциясы менен күрөшүүдө баа жеткис жардам берип жаткандыгын белгиледи.

Илдет менен күрөшүүдө бараандуу колдоосу, анын ичинде медициналык жабдуулар жана дары-дармек түрүндөгү гуманитардык жардамы, ошондой эле өлкөнүн медициналык мекемелерине иш жүзүндө жардам көрсөтүү жана коронавирус инфекциясы менен ооруканадан тыш пневмонияны дарылоо боюнча тиешелүү консультацияларды жүргүзүү үчүн дарыгерлердин жоон тобун жибергени үчүн Владимир Путинге ыраазычылыгын айтты.

Сооронбай Жээнбеков россиялык медиктердин келиши өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалды турукташтырууда кыргыз медиктерине сезилерлик колдоо болооруна бекем ишенерин билдирди.

Россия Элчиси Николай Удовиченко эки мамлекет башчысынын келишимине ылайык, Россия тарап Кыргызстанга коронавирус инфекциясы менен күрөшүүгө жардам көрсөтүүсүн улантып жатканын белгиледи. Буга чейин өлкөгө россиялык аскердик медиктердин тобу да келишкен.

Николай Удовиченко келген адистердин баары илдетти дарылоодо чоң тажрыйбага ээ экенин белгилеп, алардын аркасынан Кыргызстанга жалпы наркы 150 млн рублдик дары-дармектер менен медициналык каражаттар түрүндөгү гуманитардык жардамдын келиши күтүлүп жаткандыгын маалымдады.

Башкортостандын Саламаттык сактоо министринин орун басары Евгений Кустов Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги менен чогуу биргелешип аракет көрүүнүн тийиштүү планы иштелип чыккандыгын маалымдады.

Ал эки өлкө адистеринин жалпы аракети менен Кыргызстандагы илдетти жеңсе боло тургандыгына ишеним артарын билдирди.

Роспотребнадзордун Вирусология институтунун директорунун орун басары Наталья Пшеничная коронавирус дүйнөнүн бардык өлкөлөрү, анын ичинде саламаттык сактоо системасы өнүккөн өлкөлөр үчүн да олуттуу сыноо болуп жаткандыгын белгиледи.

Ал баса белгилегендей, россиялык адистер тарабынан Кыргызстандын медиктерине методикалык, практикалык жардам берилип, ошондой эле медицина мекемелерине консультативдик колдоо көрсөтүлөт.

Жолугушуунун жүрүшүндө россиялык адистердин тобу Кыргызстандын облустарындагы медициналык мекемелерге бөлүштүрүлгөндүгү айтылды.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.