Новосибирскте иштеген мигранттардан гуманитардык жардам келди

Окуялар тизмеги 24 Июл 2020 13:35
0 ой-пикир

Бүгүн, 24-июлда «Авиа Траффик Компани» авиакомпаниясынын Новосибирск–Бишкек багыты боюнча чартердик авиакаттам келди. Бул туурасында Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Аталган каттам менен Кыргызстанга Россиядан 182 КР жараны кайтып келди, алардын арасында жаш балдар бар.

Жүргүнчүлөрдүн тизмеси Новосибирск шаарындагы КРнын Башкы консулдугуна кайтып келүүгө муктаж болгон Кыргыз Республикасынын жарандарынын кайрылууларынын кезектешүү тартиби боюнча түзүлгөн, ага кош бойлуу аялдар, жаш баласы бар аялдар, улгайган адамдар, Новосибирск клиникаларында операция жасашкан адамдар, депортацияланган жарандар жана Сибирь ЖОЖдорунда окуп жаткан Кыргызстандын жарандары болгон студенттер киргизилген. Бул каттам менен КР жарандары Новосибирск, Красноярск, Иркутск, Түштүк — Сахалин, Хабаровск, Владивосток, ошондой эле Сибирь Федералдык округунун башка шаарларынан келишти.

Бул каттам менен Кыргызстанга Новосибирск облусунда түзүлгөн кыргыз диаспорасынан 300 миң рублдан ашык өлчөмдө медициналык аппаратуралардан, дары-дармектерден жана шаймандардан турган гуманитардык жардам келди.

Чет мамлекеттерде жүргөн жана мекенине кайтып келүүнү каалаган Кыргыз Республикасынын жарандарын кайтаруу боюнча иштер уланууда.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.