Кытайдан COVID-19ду дарылоодо керектүү дары-дармектер келди

Окуялар тизмеги 24 Июл 2020 19:24
0 ой-пикир

Кытай Эл Республикасынан Кыргызстанга COVID-19ду дарылоо үчүн керектүү дары-дармектер келди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрилигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, COVID-19ду дарылоо үчүн керектүү антикоагулянттар тобунан эки түр дары келген — эноксапарин (42 миң 930 даана) жана нандропарин (33 миң даана), ошондой эле COVID-19ду дарылоодо колдонулган 105 миң даана суюк дары-дармек.

Келген жүк Дары-дармектер жана медициналык каражаттар департаментинин кампасына жөнөтүлдү.

Мамлекеттин эсебинен алынып жаткан дары-дармектер Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан COVID-19 менен ооруган бейтаптарды дарылаган саламаттык сактоо мекемелери арасында бөлүштүрүлөт.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.