Кыргызстанда коронавирустун жайылышы — таблица

Окуялар тизмеги 24 Июл 2020 16:54
0 ой-пикир

Бүгүн, 24-июлга карата Кыргызстан боюнча COVID-19 инфекциясы (пневмонияны эсепка алганда) 31 миң 247 адамдан аныкталды. Бул өлкө калкынын 0,5%ын түзөт.

Март айынан бери 18 миң 38 бейтап айыгып, 1211 адам каза болду.

Аймактардагы көрсөткүч:

Аймак Бардык
катталгандар
Сакайгандар Каза болгондор
Бишкек шаары 14 165 7952 569
Чүй облусу 4190 2526 168
Ош облусу 2601 1719 130
Жалал-Абад облусу 2352 1279 101
Ош шаары 2284 1103 36
Ысык-Көл облусу 1950 1004 68
Нарын облусу 1334 960 67
Баткен облусу 1266 613 31
Талас облусу 865 122 743
Россиядан келгендер 240 240
Жалпы 31 247 18 038 1211

Коронавирус илдети өлкөдө алгачкы ирет 18-мартта катталган. Министрликтин расмий статистикасына, адатта, ПЧР анализи тастыкталгандар гана кирет.

Бугүнкү күндөн тарта, расмий статистикага кирбей, үйдө ооруп жаткандар канча адам экенин аныктоо иши башталды. Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматованын айтымында, жеке менчик лабораторияларга кайрылгандардын иммуноферменттик анализинин жыйынтыгы чогултулуп, такталып, оору канчалык тараганы изилденет.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.