Бүгүн, 24-июлга карата Кыргызстан боюнча COVID-19 инфекциясы (пневмонияны эсепка алганда) 31 миң 247 адамдан аныкталды. Бул өлкө калкынын 0,5%ын түзөт.
Март айынан бери 18 миң 38 бейтап айыгып, 1211 адам каза болду.
Аймактардагы көрсөткүч:
Аймак | Бардык катталгандар |
Сакайгандар | Каза болгондор |
Бишкек шаары | 14 165 | 7952 | 569 |
Чүй облусу | 4190 | 2526 | 168 |
Ош облусу | 2601 | 1719 | 130 |
Жалал-Абад облусу | 2352 | 1279 | 101 |
Ош шаары | 2284 | 1103 | 36 |
Ысык-Көл облусу | 1950 | 1004 | 68 |
Нарын облусу | 1334 | 960 | 67 |
Баткен облусу | 1266 | 613 | 31 |
Талас облусу | 865 | 122 | 743 |
Россиядан келгендер | 240 | 240 | — |
Жалпы | 31 247 | 18 038 | 1211 |
Коронавирус илдети өлкөдө алгачкы ирет 18-мартта катталган. Министрликтин расмий статистикасына, адатта, ПЧР анализи тастыкталгандар гана кирет.
Бугүнкү күндөн тарта, расмий статистикага кирбей, үйдө ооруп жаткандар канча адам экенин аныктоо иши башталды. Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматованын айтымында, жеке менчик лабораторияларга кайрылгандардын иммуноферменттик анализинин жыйынтыгы чогултулуп, такталып, оору канчалык тараганы изилденет.