Өкмөт товарларды идентификациялоочу каражаттар менен маркалоонун мөөнөтүн узартты

Окуялар тизмеги 24 Июл 2020 16:03
0 ой-пикир

КР Өкмөтү Кыргызстанда товарларды  идентификациялоочу каражаттар менен милдеттүү маркалоону киргизүүнүн убактысын узартуу чечимин кабыл алды.

Өкмөт тарабынан 2019-жылдын 17-октябрында “Кыргыз Республикасында  айрым товарларды санариптик идентификациялоочу каражаттар менен маркалоонун тартиби жөнүндө” токтом кабыл алынган. Анда 2020-жылдын 1-июлуна чейин алкоголдук жана тамеки продукцияларын идентификациялоочу каражаттар менен маркалоо каралган. Бул токтомдун максаты – ата мекендик өндүрүүчүлөрдү жана керектөөчүлөрдү  контрафакт продукциялардан коргоо, эсепке алынбаган, контрабандалык жол менен орун которуп жаткан товарларды администрлөөнү күчөтүү жана көмүскөдөгү товар айланууларды кыскартуу болчу.

Ушул эле учурда коронавирус пандемиясынын шартында жана өлкөдөгү өзгөчө кырдаалды эске алуу, ошондой эле ишкерчилик субьектилеринин кайрылуусу менен, КР Өкмөтү 2020-жылдын 17-июлунда токтом кабыл алды. Анда алкоголдук продукцияларга милдеттүү түрдө маркалоону киргизүү  2020-жылдын 1-ноябрына чейин, ал эми тамеки продукцияларына маркалоону киргизүү 2020-жылдын 1-октябрына чейин узартылды.

Санариптик идентификация каражаттары менен милдеттүү маркалоону киргизүүнүн мөөнөттөрүн узартуу – коронавирус пандемиясынан улам бир топ чыгымга дуушар болгон алкоголдук жана тамеки продукцияларын өндүрүүчүлөргө колдоо көрсөтөт. Мындан тышкары Кыргызстандын территориясында милдеттүү түрдө маркалоону сапаттуу киргизүүнү камсыздап, бул контрабанда менен күрөшүүдөгү максаттар менен тапшырмаларга туура келет.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.