COVID-19 дүйнөдө 15,5 миллиондон ашуун адамга жукту, 634 миңдей адамдын өмүрүн алды

Аалам 24 Июл 2020 18:57
0 ой-пикир

Дүйнөдө коронавирус жуктургандардын саны 15 млн 526 миң 57 адамга жетти. Бул тууралуу Жонс Хопкинс университетинин атайын жүргүзгөн эсебинде көрсөтүлгөн.

Маалыматка ылайык, коронавирусту жуктургандардын ичинен 633 миң 656 киши каза болгон. Ал эми 8 млн 873 миң 385 адам илдеттен айыкты.

Коронавирусту АКШда − 4 млн 38 миң 864 киши, Бразилияда − 2 млн 287 миң 475, Индияда – 1 млн 288 миң 108, Россияда − 799 миң 499, Түштүк Африкада − 408 миң 52, Перуда − 371 миң 96, Мексикада − 370 миң 712, Чилиде − 338 миң 759, Улуу Британияда − 298 миң 731, Иранда – 284 миң 34 адам жуктурган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.