Президент Таластагы «Победа» трансформатордук көмөк чордонун иши менен таанышты

Окуялар тизмеги 23 Июл 2020 17:41
0 ой-пикир

Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 23-июлда, Талас облусунун Бакай-Ата районундагы «Победа» трансформатордук көмөк чордонуна барды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

«Победа» көмөк чордону 1984-жылы курулуп, пайдаланууга берилген. Ал «Шыралжын» кенин, Маданият, Кызыл-Сай, Кең-Арал, Миң-Булак, Үрмарал, Бакай-Ата, Наматбек, Көк-Таш, Өзгөрүш ж. б. айылдардын 7 миңдей тургунун электр энергиясы менен камсыздайт.

Бул көмөк чордондон 2019-жылдагы электр энергиясын керектөөнүн жылдык жалпы көлөмү болжол менен 33,0 млн. кВт/с түзгөн.

Акыркы жылдары реконструкциялоо иштери жүргүзүлүп, көмөк чордондун кубаттуулугу жогорулатылган. Эскирген жабдууларды алмаштыруу электр тармактарынын ишенимдүүлүгүн арттырды жана бир эле Бакай-Ата районун эмес, жалпы Талас облусун электр кубаты менен камсыздоо жакшырды.

Президент Сооронбай Жээнбеков энергетиктер менен баарлашууда коронавирус инфекциясы биринчи кезекте бардык медицина мекемелерин электр кубаты менен үзгүлтүксүз камсыздоону талап кылып жатканын белгиледи.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.