Ошко Москвадан 301 кыргызстандык кайтып келди

Окуялар тизмеги 23 Июл 2020 09:55
0 ой-пикир

Бүгүн, 23-июлда «Аэрофлот – Российские Авиалинии» авиакомпаниясынын «Москва – Ош» багыты боюнча чартердик каттамы менен Кыргызстандын 301 жараны кайтып келди. Бул тууралу ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

«Бул рейс чет мамлекеттерден биздин жарандарды кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн иштин алкагында КР Президентинин жана Өкмөттүн тапшырмасын аткаруу үчүн жетишилген Кыргызстан менен Россиянын тышкы саясий мекемелеринин макулдашууларын жүзөгө ашыруу үчүн уюштурулган.», — деп айтылат маалыматында.

Бортто орундардын саны чектелүү жана Кыргызстанга келүүнү каалагандар көп болгондуктан, аталган каттамга жүргүнчүлөрдүн тизмеси кыргыз диаспорасынын өкүлдөрүнөн, Москвадагы кыргыз медициналык клиникалардын дарыгерлеринен жана Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин кызматкерлеринен турган Комиссия тарабынан түзүлдү.

Чет мамлекеттерде жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын Кыргызстанга кайтарып келүү маршруттарын издөө боюнча иштер улантылууда.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.