Москвада чет өлкөлүктөр менен жүргөн кыргыз кыздарын жазалоого чакырган жигиттер кармалды

Окуялар тизмеги 23 Июл 2020 12:11
0 ой-пикир

Москва шаарында чет өлкөлүктөр менен жүргөн кыргыз кыздарын жазалоого чакырган жигиттер кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, бул факты боюнча ИИМдин Орусиядагы өкүлчүлүгү чыр-чатактын алдын алуу жана аны болтурбоо үчүн Россиянын Экстремизмге каршы аракеттенүү боюнча башкы башкармалыгына кайрылган. Биргеликте көрүлгөн чаралардын жүрүшүндө жогоруда айтылган балдардын аты-жөнү аныкталды.

Алар Чүй облусунун 28 жаштагы Б.Б., жана 24 жаштагы А.А., аттуу тургундары болуп чыкты. Алар ИИМдин Орусиядагы өкүлчүлүгүнө чакыртылып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, укукка каршы аракеттер кылмыш жоопкерчилиги каралары эскертилди.

Эске салсак, 22-июлунда социалдык тармактарда Россияга иштегени барган Кыргызстандын жарандары Москвадагы кыргыз кыздарын жазалоого чакырган видео кайрылуусу тараган. Видеодо башка улуттун балдары менен жүргөн кыздарга эки жолу эскертүү берилип, болбосо физикалык күч колдонобуз деп коркутушканын көрүүгө болот.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.