Чоңоюш керек…

Аналитика, Окуялар тизмеги, Статьялар 23 Июл 2020 16:57
0 ой-пикир

Алмаз Баратов – атайын Elgezit.kg үчүн

Бүгүн бийликти сындап, урушуп, аны менен эле тим болбой шылдыңдоо модага айланып калды. Тажрыйбалуу алдамчылар президентке импичмент жарыялоону талап кылып, ал эми жаштар болсо мамлекеттин биринчи адамдарын сенсиреп калышты. 

Ооба, эгерде бийликти институт катары карай турган болсок, анда бийлик чындыгында көп нерсеге күнөөлүү. Бийлик Кыргызстан көз карандысыздык алган 30 жылдан бери эффективдүү саламаттыкты сактоо системасын түзө албаганына күнөөлүү. Бюджет каражатына заманбап ооруканаларды салуунун ордуна ат майдандарын куруп, тарых музейлерин оңдошконуна, өлкөдө дарыгерлердин тартыш болгонуна күнөөлүү. Медицина кызматкерлери жарыбаган айлык алганына, алардын иштөө шарттары,  өзгөчө аймактарда шарттар начар экенине бийлик күнөөлүү.

Бүгүнкү бийлик болсо коронавирустун кооптуулугуна көп ишене бербей, алдын ала чараларды көрбөгөнү үчүн күнөөлүү. Оору менен күрөшүү үчүн алгоритм иштеп чыкпаганына күнөөлүү. Биздин абал такыр башка экенин, менталитетибиз чет жактардан айрымаланып турарын, калктын билим деңгээлин эске албай, башка өлкөнүн ыкмаларын колдонуп отурганы үчүн күнөөлүү.

Өкмөт пандемия маалында кандай иштерди аткаруу керектиги боюнча иш планын түзбөгөнү көрүнүп калды. Башкача айтканда, бийлик аналитикалык иштерди жүргүзгөн эмес жана бүгүнкү абал анализдин жоктугунун, чакырыктарга жана коркунучтарга алдын ала саресеп салынбагандыгынын түшүмү.

Бирок азыркыдай абалдын түзүлгөнүнө бир гана бийлик эмес, эл дагы күнөөлүү.

Себеби карантин жоюлары менен эл жайылып кетти. Жаратылышта эс алып жүргөн, 50 кишиден ашык адамдар чогулуп той-ашка барып жатышкан ж.б. Баарыбыз беткапты чечип, ысып жатабыз деп чыктык. Бири-бирибиз менен кол алышып учурашып, социалдык аралыкты сактаган жокпуз.

Ошондуктан ушул абалга келдик.

Рационалдуу ой жүгүртүүсү бар, бойго жеткен, көз карандысыз адамдын позициясы каталардын үстүнөн өз убагында иштеп чыгуу. Күнөөнүн баарын башкаларга оодарып отура берүү эмес, жоопкерчиликти дагы сезүү. Ошондуктан биздин коом чоңоё элек. Чоңоюш керек…

Редакция макала үчүн жоопкерчилик албайт, автордун пикири редакциянын көз карашын билдирбейт.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.