ВИДЕО: Бишкекте милиция кызматкерлери үчүн күндүзгү стационар ачылды

Окуялар тизмеги 23 Июл 2020 09:34
0 ой-пикир

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын имаратында милиция кызматкерлери үчүн күндүзгү стационар ачылды. Бул тууралуу ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Түзүмдүн маалыматы боюнча, стационар 40 орунга ылайыкталган. Ооруга чалдыккан кызматкерлер саат 09:00дөн баштап 19:00гө чейин кабыл алынат.

«Укук коргоо органдарынын кызматкерлери борбор шаардагы бардык стационарларда күнү-түнү кызмат өтөп жатышат», — деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, Кыргызстан боюнча алты милиция кызматкери коронавирус илдети жуккандан кийин каза болду.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.