Президент ыктыярчылар менен жолукту. Эмне жөнүндө сөз болду

Окуялар тизмеги 21 Июл 2020 15:05
0 ой-пикир

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 21-июлда коронавируска каршы күрөшүүдө жардам берип жаткан ыктыярчылар менен кездешти.

Жолугушууга ыктыярдуу кыймылдардын 12 өкүлү катышты. Алар:

Элдар Шабданов — «Бирге» ыктыярчыларды координациялоо борборунун өкүлү;

Тынчтык Алтымышев — журналист, «Элден — элге» жана «Элдик медиктер» кыймылдарынын координатору;

Наталья Гребнева — «Руки любви» коомдук бирикмесинин негиздөөчүсү;

Айзада Жамгырчиева — журналист, алып баруучу;

Анжелика Кайратова — эстрада ырчысы;

Урмат Насыкулов — «Биз барбыз» ыктыярчылар штабынын жетекчиси;

Эркин Рыскулбеков — шоумен, «Элим, барсыңбы» ыктыярчылар бирикмесинин өкүлү;

Бабур Төлбаев — меценат, «Мол Булак Финанс» микрокредиттик компаниясынын жетекчиси;

Бермет Усубалиева — Кыргызстандагы Кызыл жарым ай коомунун өкүлү;

Нуриля Чолпонбаева — «Поколение Best» коомдук бирикмесинин жетекчиси;

Абдурахман Муртазалиев — спортчу, ыктыярчы;

Аскар Алмаз уулу — демилгелүү жаштар тобунун өкүлү.

Белгилей кетсек, суроо-жооп форматында өткөн жолугушууга журналисттер катышкан жок. Айрым ыктыярчылар өздөрү эмне жөнүндө сөз болгондугу тууралуу айтып беришти.

Журналист Тынчтык Алтымышев өкмөттүн чабалдыгын, пандемияда элди эл эле сактап жаткандыгын айткан. Ал ыктыярдуу жүздөгөн айдоочулардын, медайымдардын эмгеги эске алынышы керектигин, дарыгерлердин айлык-акыларын кечиктирүүсүз, убагында төлөөнү, банктар кредиттердин мөөнөтүн ноябрь айына чейин узартып, үстөк пайыздарын тоңдуруп турушун сунуштаган.

Ал эми Эркин Рускулбеков сөз эркиндигин чектеген «Маалыматты манипуляциялоо» боюнча мыйзамга вето киргизүүнү сунаштаган. Сырттан келген жардам тууралуу отчеттор ачык жарыяланышын, ыктыярчыларды Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабга мүчө катары кошууну жана коронавирустан каза болгондор боюнча Аза күтүү күнү жарыяланышын демилгелеген.

Мындан тышкары президент менен жолугушууда волонтерлор сырттан ташылып келип жаткан жардам үчүн бажы жана салык жеңилдиктерин берүү, мамлекеттик аппараттын бюджетин кыскартуу, ыктыярчылар тууралуу мыйзам даярдоо маселелерин көтөрүп, активисттерди жана медициналык кызматкерлерди кечирим суратып, УКМКга чакыртууну токтотуу талабын коюшту.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.