Арстан Алай Кыргызстанга коронавирус кандайча келгенин айтып берди

Окуялар тизмеги 21 Июл 2020 12:54
0 ой-пикир

Өзүн “Кудаймын” деген Арстан Алай мындан мурда мен Кытайга коронавирусту жөнөтүп койгом деп айтканы бар. Дүйнөнүн үшүн алган илдет Кыргызстанга келбей турганын билдирип келген.

Бүгүнкү күнү өлкөдө коронавирус инфекциясы аныкталгандардын саны 27 миңден ашты.

Учурда өлкөдө коронавирус илдети күч алып турганда Арстан Алай эмне деп жооп берет? SUPER.KG порталына бул тууралуу айтып берди.

«Кыргыз эли коронавирус менен ооруган жок. Коронавирус болсо биринен-бирине жугуп, үй-бүлөлөр, чогуу жашагандар, байланыш болгондор оорумак, өлмөк. Адамзат көп доорлорду басып өтүп, гени жетилди. Адам ааламдын ролун аткарбаса, денеси ууланып, чирийт. Кан менен тамактанган органдар жарылып, жоюлат. Биринчи өпкө карайып, дем алуу оорлойт. Анан башка органдар иштен чыгат.

Оорудан кутулуш үчүн элди эмоциялык чыңалуудан чыгарып, улуу түшүнүккө өткөрүү керек. Журналисттер, саясатчылар Арстан Алайдан программаларды алып, элге жеткирүүсү зарыл.

Медицина көк мейкин алдында алсыз. Медицинанын убактылуу жардамы тийиши мүмкүн, бирок көпчүлүгүнө жардам бербейт. Эски түшүнүктөн элди чыгарбасак, оорчулук болот. Оору эле эмес, кырсык да көбөйөт. Аалам шарттарын аткарбасак, аалам күчтөрү жазалай берет», — деген ал.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.